Соңку эки күн ичинде Кыргызстан чет мамлекеттерге эс алганы кетип, кайта албай жаткан 137 жаранын алып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 22-23-мартта Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясы менен бирге казак тараптын жардамы менен Шарм-Эл-Шейх (Египет) шаарынан 126 жана Баңкоктон (Таиланд) 11 турист келди.
Казакстандын Алматы эл аралык аэропортуна учуп келген кыргызстандыктар атайын транспорт менен дарыгерлердин коштоосунда Бишкекке жеткирилип, баары дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда адамдар коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - алты эркек, сегиз аял. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду. (RK)