Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Турдалиева: Келдибеков «Фейсбуктагы» билдирүүм үчүн мени сотко берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиеваны «Фейсбукка» жазган билдирүүсү үчүн сотко берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Турдалиева кабарлады.

Турдалиеванын айтымында, Келдибеков анын быйыл 26-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган билдирүүсүн «ар-намысыма шек келтирди» деп, 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп, Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Турдалиева ал билдирүүсү жеке пикири экендигин жана ал жерде тастыкталбаган эч нерсе жок экендигин айтууда.

Бул боюнча Акматбек Келдибеков өзү жана анын адвокаттары азырынча эч кандай комментарий бере элек.

«Азаттык» радиосу саясатчынын өкүлү менен байланышканда маалыматты адвокат берерин айтты. Адвокат "азырынча эч кандай маалымат, комментарий бере албасын" билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG