Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Айрым товарларды сыртка сатууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, алты ай бою товарлардын бир катар түрлөрүн өлкөдөн тышка экспорттоого болбойт. Алар: буудай, буудай уну, өсүмдүк майы, күрүч, макарондун түрлөрү, шекер, тоок жумурткасы, тамак-аш үчүн йоддолгон туз, тоют (чөп, саман, улпак жана дан тоюту), кагаз кол аарчылар жана башка бактерияга каршы, дезинфекциялоочу каражаттар.

Бажы кызматы, Чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү керек болот.

Кыргызстанда 22-марттан тартып коронавирусту жайылтпоо максатында бир айга өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG