Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Абхазияда президенттик шайлоодо оппозиция лидери жеңди


Аслан Бжания.
Аслан Бжания.

Абхазияда 22-марттагы президенттик шайлоодо оппозициячыл экс-депутат Аслан Бжания утуп чыкты. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал 59% добуш алды. Анын саясий атаандашы, мурдагы экономика министри Адгур Ардзинбаны шайлоочулардын 35%, ал эми ички иштер министри Леонид Дзяпшбаны шайлоочулардын эки пайызы колдоду.

Асдан Бжанияны президенттин милдетин аткарып жаткан Валерий Бганба жана Адгур Ардзинба жеңиши менен куттуктады.

Шайлоо өнөктүгү учурунда Бжания эки жолу табышмактуу ооруга чалдыккан. Анын тарапкерлери мурдагы депутатты ууландыруу аракети болгонун билдиришкен.

Абхазияда акыркы президенттик шайлоо былтыр сентябрь айында өткөн. Аны ошол учурдагы президент Раул Хажимба жеңип чыкканы жарыяланган. Бирок шайлоонун мындай тыянагы жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон. Натыйжада Хажимба кызматтан кетип, 22-мартка кайра шайлоо дайындалган.

Абхазия 1992-жылы Грузиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Мындай чечим бул аймак менен Тбилисинин ортосундагы куралдуу чатакка себеп болгон. Орусия менен Грузиянын ортосундагы 2008-жылкы согуштан кийин Москва Абхазияны эгемен мамлекет катары тааныган. Бирок Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон.

XS
SM
MD
LG