Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта Нур-Султанда өзгөчө абалга байланыштуу мамлекеттик комиссиянын жыйынында баш калаа менен Алматы шаарынан сырткары дагы башка ири калктуу конуштарды карантинге жабыш керек экенин билдирди. Ал коронавирустун жайылып кетүү коркунучун азайтыш үчүн чектөө иштерин күчөтүү зарыл болорун айтты. Ошондой эле карантиндин эреже-талабын бузган жарандарды жоопко тартууну тапшырды.
Соңку маалымат боюнча, Казакстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жуккандардын саны 62 киши болду. Ооругандардын көбү Нур-Султан жана Алматы шаарларынын тургундары.
Казакстанда илдет алгач 13-мартта катталган. Өлкө бийлиги 16-марттан тартып өзгөчө абал жарыялаган жана Нур-Султан, Алматы шаарлары карантинге алынган.