Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Ош шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди


Ош шаары. 19.03.2020

Бүгүн 23-марттан тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулду. Бул блок-посттордо санитардык кызматкерлер дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

"Жергиликтүү тургундарга өзгөчө зарылчылык жок болсо шаардан жана үйүнөн чыкпоо сунушталат" деди штаб.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок. Вирус менен ооруган адамдардын саны 14. Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди.

Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG