Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:30

Өзбекстанда коронавирус жуккандар 46 кишиге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мекеме оору жукканы аныкталган 46-жаран буга чейин чет өлкөдө болгонун гана билдирип, мындан башка маалымат тараткан жок.

Коронавируска каршы күрөш боюнча атайын республикалык комиссиянын чечими менен 24-марттан тартып Ташкент шаары карантинге жабылды. Шейшембиден тартып борбордогу автоунаа жолдору, темир жол жана аба каттамдары чектелет. Борбор шаарга жүк ташыган машинелер гана кире алат. Ошондой эле Ташкентте туруктуу каттоосу бар гана адамдар өткөрүлөт.

Өзбек бийлиги карантинге байланыштуу чектөө иштерин күчөткөн. Карантин шарттарын жана коопсуздукту камсыз кылууга күч түзүмдөрү, анын ичинде армия тартылган.

XS
SM
MD
LG