Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

24-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-мартта Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 12…14 градус болот.

XS
SM
MD
LG