Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Гаага соту кыйраган малайзиялык учак ишин июнда карай баштайт


Кыйраган учакка байланыштуу сот жараяны 9-мартта башталган.
Кыйраган учакка байланыштуу сот жараяны 9-мартта башталган.

Нидерландда сот Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 каттамындагы малайзиялык учакка байланыштуу иштин өзүн 8-июндан тартып териштире баштайт. Мындай чечим 23-марттагы сот процессинде кабыл алынды.

Бул окуя боюнча ачык сот 9-мартта башталган жана ушул күнгө чейин сот жараянынын жол-жобосу такталды.

Нидераланддар жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу каргашага байланыштуу Орусиянын үч, Украинанын бир жаранына айып койгон. Аталган топ жүргүнчү учак Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан, Курск бригадасына караштуу «Бук» зениттик-ракеталык комплекси менен атылып түшүрүлгөн деген жыйынтык чыгарган.

Европа Биримдигинин кеңеши Орусия өзүнө тиешелүү жоопкерчиликти алышы керек экенин билдирген. Ошондой эле Москваны бул иш боюнча түзүлгөн тергөө тобу менен кызматташууга чакырган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөгө Орусия катышпагандыктан, анын жыйынтыгына олуттуу маани берилбей турганын айткан.

Малайзиянын Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөндө анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон.

XS
SM
MD
LG