Билим берүү жана илим министрлиги каникул узара турган болсо, 8-апрелден тартып орто мектептин окуучуларын аралыктан окутууга даярданып жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Окуучулар видеосабактар аркылуу онлайн билим алышат. Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде «Баластан», «Билим жана илим» телеканалдары аркылуу берилет. Ушул эле видеосабактар «YouTube» каналына жүктөлөт. Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарды даярдоого катышууда.
Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, ЭлТРдин «Билим жана илим» каналы аркылуу видеосабактар окуучуларга 19-марттан тартып көрсөтүлө баштады.
Жакынкы күндөрү 1-11-класстар үчүн министрликтин «Санариптик окутуу» боюнча билим берүү порталы ишке кирет. Бул порталга окуу материалдары, атайын тесттер жүктөлөт. Жыйынтыктоочу экзамендерди мектепке келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Окуучулар билим алууда «Google classroom», «Telegram», «WhatsApp» мессенжерлерин да колдонушат.
Ал эми жогорку окуу жайлары 16-марттан тартып онлайн технологиялардын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өтүштү. Кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «Соцсервис» мамлекетик ишканасынын жардамы менен электрондук окутуу системасы даярдалып, ишке берилет.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 15-мартта билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койгон. Ага ылайык, менчигинин түрүнө карабастан орто жана жогорку окуу жайлары 16-марттан 8-апрелге чейин эс алууга тарашкан. (TSh)