Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде бизнеске көмөк көрсөтүү зарыл экенин белгилеп, «эч ким бизнеске жолтоо кылбашы керек» деди.
Президент бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, өлкөдөгү коомдук коопсуздук маселесин талкуулады.
Мамлекет башчы соода түйүндөрүндө, азык-түлүк базарларында жана башка коомдук жайларда тартипти камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи. «Санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк жана элге керектүү товарлардын өтүшүнө тоскоолдук жаралбашы керек», - деди президент.
Жээнбеков эпидемиологиялык кырдаал тууралуу чындыкка дал келбеген, чагымчыл маалыматтарга милиция ыкчам реакция кылып, аларды тараткандар жоопкерчиликке тартылышы керек экенин кошумчалады.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөнүн бардык аймактарында 14 санитардык-карантиндик пост коюлганын, ички иштер органдарынын кызматкерлери, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү иштеп жатышканын маалымдады. Жунушалиевдин айтымында, бардык карантиндик зоналар, дарылоо-санитардык мекемелер, стратегиялык объектилер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынган.
Өкмөт 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизген. (TSh)