Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Министрлик: Нарында дааватчылар обсервацияда жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 23-марттагы басма сөз жыйынында, Нарын шаарында обсервацияда жаткандар дааватка келгендер экенин билдирди. Акматова даваатчылардын санын жана кайсы жактан келгенин айткан жок. Алардын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан. Эми алар 14 күндөн кийин дагы кайра текшерилет.

19-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте маалымат берип жатып Нарында коронавирус жугузуп алышы ыктымал деп изоляцияга алынган кишинин анализи таза чыкканын билдирген. Нарын облустук казыятынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери облус боюнча жалпысынан 43 киши умрага барып келген. Алардын ичинен бирөө изоляцияга алынган. Ал адам 12-мартта Сауд Арабиясынан коронавирус тастыкталган сузактык үч тургун менен чогуу учуп келген.

23-марттагы расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 16га жетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG