Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Помпео Гани менен Абдулланы элдештирүүгө аракет кылды


Майк Помпео жана Абдулла Абдулла.
Майк Помпео жана Абдулла Абдулла.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кабулдагы бир күндүк сапарында эч кандай билдирүү жасаган жок. Помпео Ооганстандын азыркы президенти Ашраф Гани менен анын саясий каршылашы, мурдагы өкмөт башчы Абдулла Абдуллага ортомчу болду.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Помпео Кабулдан Катардын борбору Доха шаарына барарын кабарлады. 23-мартта ал Дохада талибдердин өкүлдөрү менен жолукмак.

«Associated Press» агенттиги өз булактарына таянып, Помпео Кабулда Гани менен Абдуллага 24-мартка чейин президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча мунаса табууга убакыт бергенин жазды. Бирок Кабулда эки саясатчы тил табышууга даяр экени боюнча кабар айтыла элек.

Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла 10-мартта жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG