Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Мэрия: Ошто такси кызматы токтотулат

Оштогу автобекет.
Оштогу автобекет.

Ош мэриясы шаарда такси кызматы токтотуларын кабарлады. Мэрия жүргүнчү ташып иштеген айдоочулардан үйдөн чыкпай отурууну өтүнгөн.

23-марттан тартып Ош шаарына башка райондордон жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизилди. Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулган. Бул блокпосттордо санитардык кызматкерлер дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди. Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбустар жана чоң автобустар гана иштеп жатат.

​
XS
SM
MD
LG