Британияда коронавирус пандемиясына байланыштуу жалпы элдик карантин жарыяланды. Бул тууралуу 23-мартта премьер-министр Борис Жонсон маалымдады. Лондонго чейин Европанын Италия, Испания жана Франция сыяктуу бир нече мамлекеттери карантин киригизишкен.
Жаңы талаптарга ылайык Британиянын жарандары жүйөлүү себеп болбосо үйдөн чыга алышпайт. Азык-түлүк алып келүүгө, күнүнө бир гана жолу таза абага чыгууга, зарыл учурда бирөөгө жардам берүүгө, үйдөн иштөөгө шарт жок болсо гана жумушка барууга уруксат берилет. Башка учурларда үйдөн чыгууга тыюу салынды. Дүкөн, ресторан жана башка жайлар жабылды.
Британияда 23-мартта эртең менен коронавирус табылгандардын саны 6500 киши болуп, каза болгондордун саны 335ке жетти.