Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Март ыңкылабына 15 жыл болду


24-март, 2005-жыл.
24-март, 2005-жыл.

Кыргызстандын саясий тарыхында «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 15 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган.

Толкундоо марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган.

Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен.

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен «Эскерүү күнү» деп бекитилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG