Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыктар парламентке жөнөтүлдү


Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.
Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун 24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Мамлекет башчы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы күчөп жатканына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Жогорудагы аймактарда өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыктарына кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнү айтылды.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Президент аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу машинелердин логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин баса белгиледи.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 42 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталган.

XS
SM
MD
LG