Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:42

Сүлүктүдөгү «Узун-Сай» көмүр шахтасында бир айда экинчи жолу өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Сүлүктү шаарындагы «Узун-Сай» көмүр шахтасында кайрадан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 24-мартта болду.

Жерине жети куткаруучу тартылды. Алар өрттү өчүрүп, газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришти. «Узун-Сайда» быйыл 5-мартта да өрт чыккан.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG