Кургак учук менен ооруган адамдар үчүн коронавирустун оор формаларына чалдыгуу коркунучу көп, андыктан аларды коргоого колдон келген аракет жасалышы керек. Мындай чакырык Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлендин 24-март – Кургак учукка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата кайрылуусунда айтылды.
«Быйыл Кургак учукка каршы күрөшүү күнү коронавирус пандемиясынын шартында белгиленип жатат. Ооруканаларга жана дарыгерлерге оор түйшүк жараткан мындай шартта кары-картаңдардын жана кургак учук менен ооругандардын өмүрүнө коркунуч жаралууда», - деди Чемберлен.
2011-жылдан бери БУУнун жардамы менен Кыргызстанга 1200 бейтап үчүн дары-дармек сатылып алынат.
Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет.
Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар.
Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун кургак учук боюнча маалыматына караганда, 2016-жылы 100 миң калкка 144 учур болсо, 2017-жылы 127 учур катталды. 2001-жылы бул көрсөткүч 168 болгон. (RK)