Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-август, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 24-мартта Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти. Буга чейин вирус 16 кишиден чыккан.

Штаб тараткан маалыматка караганда, мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын-ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдеринен шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
Жаткырылгандардын арасында бир жашка толо элек эки бала бар, алардын ичинен алты жаштагы бир балада, 14 жаштагы бир өспүрүмдө коронавирус инфекциясы аныкталды. Калгандарынын жашы – 16дан 86 жашка чейин.

Пикирлерди көрүңүз (56)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG