Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскерлер киргизилет


Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.
Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга анын шарттарын аткаруу жана адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшембиев 24-мартта билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкерлеринин саны жана тийиштүү каражаттары жетиштүү.

«Өзгөчө абалда сөзсүз тиешелүү чечимдердин негизинде Куралдуу күчтөрдүн бөлүкчөлөрү киргизилет. Саны боюнча ошол жердеги коюлган тапшырманы, режимди сактоого жетиштүү», - деди ал.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42 кишиге жетти. (BTo)

XS
SM
MD
LG