Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

25-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 3…8,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 7…9 градус болот.

XS
SM
MD
LG