Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

АКШ Ооганстанга акчалай жардамын азайтат


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Ооганстанга 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардамын азайтарын билдирди. Мунун алдында Помпео Кабулга күтүүсүз барган жана президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулланы бири-бир менен мунаса табууга ынандыра албай койгон эле.

Помпео 23-мартта кечинде тараткан билдирүүдө «Кошмо Штаттар Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла бийлик бөлүшүүдө тил табыша албаганына терең өкүнүч билдирет, бул АКШнын мамлекеттик кызыкчылыктарына каршы келет» деп айтылат. Анда Вашингтон быйыл бир миллиард доллар каражатты, эмдиги жылы да ушундай эле көлөмдөгү акчаны азайтары жазылган.

Помпео Кабулдан ары Дохага учуп келди жана молдо Абдул Гани Барадар баштаган «Талибан» кыймылынын үч жетекчиси менен жолукту. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортогус «Талибан» менен АКШ бийлигинин мындай жогорку даражалуу өкүлү катышкан жолугушуу алгачкы ирет болуп жатканын кабарлады.

Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла 10-мартта жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган. Саясий тирешүү тынчтык келишимин аткарууга тоскоолдук жараткан.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Азыр туткун алмашуу жараяны ишке ашар-ашпасы белгисиз.

XS
SM
MD
LG