Казакстанда 24-мартта коронавирус Нур-Султан шаарында эки, ал эми Алматыда үч адамдан табылды. Илдет жуккандардын жалпы саны ошентип 67 кишиге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аталган эки шаардын тургундары.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 23-мартта Нур-Султанда өзгөчө абалга байланыштуу мамлекеттик комиссиянын жыйынында баш калаа менен Алматы шаарынан сырткары дагы башка ири калктуу конуштарды карантинге жабыш керек экенин билдирген. Ал коронавирустун жайылып кетүү коркунучун азайтыш үчүн чектөө иштерин күчөтүү зарыл болорун айткан. Ошондой эле карантиндин эреже-талабын бузган жарандарды жоопко тартууну тапшырган.
Казакстанда илдет алгач 13-мартта катталган. Өлкө бийлиги 16-марттан тартып өзгөчө абал жарыялаган жана Нур-Султан, Алматы шаарлары карантинге алынган.