Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Тажикстанда Нооруз майрамы жылдагыдай белгиленип жатат


Тажикстанда Нооруз жылдагыдай эле белгиленди.
Тажикстанда Нооруз жылдагыдай эле белгиленди.

Тажикстанда Нооруз майрамына байланыштуу адаттагыдай эле бир жумалык эс алуу жарыяланган. Өлкө бийлиги жылдагыдай эле калың эл катышкан ири мамлекеттик иш-чараларды, спорттук мелдештерди жана оюн-зоокторду өткөрүп жатат.

Жарандар үй-үйлөргө, коомдук жайларга чогулуп, бири-бирине конокко барып, чогуу сүмөлөк кайнатып майрамдап жүрүшөт.

Ушул айдын башында жабылган мечиттер кайрадан ачылды. Коомдук жайларда эч кандай чектөөлөр киргизилген жок.

Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус дүйнөнүн 196 өлкөсүнө жана аймагына тарады. Бирок коңшу Тажикстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар расмий каттала элек. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдөн учуп келген 1900 тажик жараны эки апталык карантинде жатат.

XS
SM
MD
LG