Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Коронавирус: Жаңы аныкталган 26 учур Жалал-Абадда жана Ошто катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жаӊы аныкталган 26 учур Жалал-Абад жана Ош облустарында катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, 26 бейтаптын тогузу Сузак районунда, экөө Ала-Букада, бирөө Ош шаарында, сегизи Кара-Сууда жана алтоо Ноокатта.

Бардыгы болуп Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 11 учур катталган.

24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан 26 жана ага чейинки 16 адамды кошкондо жалпысынан бул илдетке чалдыккандардын саны 42ге жетти.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат аймактык ооруканаларында жатат.

Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын-ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).

Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Алардын арасында бир жашка толо элек эки бала бар, бирөөндө коронавирус инфекциясы аныкталды. Алты жаштагы бир баланын жана 14 жаштагы бир өспүрүмдүн да анализи таза эмес чыкты. Калгандарынын жашы 16дан 86га чейин. (RK)

XS
SM
MD
LG