Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Иранда бир күндө коронавирустан 100дөн ашык адам көз жумду


Иран - коронавирустан көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири.
Иран - коронавирустан көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири.

Иран бийлиги өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан соңку бир күндүн ичинде 122 адам өлгөнүн, ажал тапкандардын жалпы саны 1934 адамга жеткенин маалымдады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Киануш Жаханпур кабарлагандай, соңку бир күндүн ичинде оору 1760тай адамдан аныкталды, ошентип бул илдетти жугузуп алгандар 24800 кишиден ашты.

Президент Хасан Роухани оорунун жайылып кетүү коркунучунан улам мамлекеттик кызматкерлердин теңи үйлөрүндө экенин билдирди. Ал соңку телекайрылуусунда абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу иштери 18-апрелге чейин уланарын айтты. Тегеран 9-мартта 70 миңдей адамды түрмөдөн чыгарган эле.

Иран коронавирустан көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. ИРНА маалымат агенттиги өлгөндөрдүн арасында өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменейинин уулунун кайненеси да бар экенин жазды.

Мунун алдында Тегеран Вашингтондун гуманитардык жардамынан да баш тарткан. Хасан Роухани 23-мартта «Кошмо Штаттар Иранга коронавируска каршы күрөшкө чындап жардам бергиси келсе, анда санкцияларын жокко чыгарышы керек» деп билдирген.

Вашингтон Иранга буга чейин да жардам сунуш кылган. Бирок өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 22-мартта мындай жардам кереги жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG