Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Ашраф Гани АКШнын жардамы азайса анын кесепети тийбей турганын айтты


Майк Помпео менен Ашраф Гани.
Майк Помпео менен Ашраф Гани.

Ооганстанда президент Ашраф Гани «АКШдан келе турган акчалай жардам бир миллиард долларга азая турган болсо, анын кесепети өлкөнүн негизги тармактарына тийбейт» деп билдирди. Ал 24-марттагы телекайрылуусунда өкмөт чыгашаларды азайтууга өтөрүн, кошумча каржы булактарын издей турганын айтты.

Мындан бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстандагы саясий тирештен улам күтүүсүз Кабулга келип кеткен. Анда президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчиси Абдулла Абдулланы мунасага келтирүүгө аракет кылган. Тараптар тил табыша албаганы үчүн Помпео Вашингтон Ооганстанга бир миллиард долларлык жардамды кемитерин билдирген. Ошондой эле америка-ооган аралык кызматташтыктын масштабы кайра каралып чыгарын эскерткен.

Кабулдан кийин Помпео Катардын борбору Дохага барып, «Талибан» кыймылынын үч жетекчиси, анын ичинде тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү делегациянын башчысы Молдо Барадар менен жолукту жана 29-февралда Вашингтон менен кол коюлган тынчтык келишимин аткарууну улантууга чакырды.

Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Анда азыркы президент Ашраф Гани жеңүүчү деп табылган. Бирок анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла 10-мартта жарыша өз-өзүнчө инаугурация өткөрүп, ар кимиси өзүн президент деп жарыялаган. Саясий тирешүү тынчтык келишимин аткарууга тоскоолдук жараткан.

Өткөн айдын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Азыр туткун алмашуу жараяны ишке ашар-ашпасы белгисиз.

XS
SM
MD
LG