23-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан деген шек менен Кочкор районунун Теңдик айылынын 52 жаштагы тургуну кармалганын билдирди.
Атайын кызмат кабарлагандай, ал социалдык тармактар аркылуу коронавирус боюнча жалган маалыматтарды тараткан. Бул адам күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сурады. Анын ишине юридикалык баа берилет.
УКМК буга чейин жалган маалымат тараткан бир нече адамды аныктаган. Учурда ар кандай такталбаган кабарларды тараткандарды издөө, аныктоо иштери жүрүп жатат. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет. (TSh)