Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Жээнбеков: 24-март - Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүгө из салган окуя


24-март, 2005-жыл.
24-март, 2005-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдагы 24-март окуясынын 15-жылдыгына байланыштуу элге кайрылды. Мамлекет башчы «24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат», - деди.

«Байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экени дүйнөгө билинди. Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү», - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Кыргызстандын саясий тарыхында «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 15 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Толкундоо марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен.

24-март 2012-жылга чейин жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен «Эскерүү күнү» деп бекитилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG