Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

25-март: Коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок (видео)


Ош. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

25-марттын эртең мененки саат 9уна карата Кыргызстанда кимдир-бирөөгө коронавирус жуккан жаңы учурлар катталган жок. Бейтаптардын жалпы саны 42 адам бойдон турат. Бул тууралуу республикалык штабдын 25-марттагы басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

Бейтаптардын эң кичүүсү бир жашка толо элек ымыркай, эң улуусу 86да экени айтылган.

Оор абалдагы 71 жаштагы эркек бейтап дагы эле реанимацияда, абалы салыштырмалуу орточо оор.

Обсервацияда 24-мартта 2014 адам жатса, 25-мартка карата 585и калды. (RK)

XS
SM
MD
LG