Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Бишкектин ичине аскерлер киргизилген жок


Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.
Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал учурунда Бишкекке Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилген жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Шаарга куралдуу күчтөр киргизилген жок. Алар коюлган блокпосттордо эле көмөк көрсөтүп жатат. Шаардын ичинде коомдук тартипти ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылып жатат», - деди Орозалиев.

Анын сөзү боюнча, Бишкектин тегерек-четинде 41 блокпост орнотулду.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.

Өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу үчүн жана дарыгерге, дарылоо процедураларына барууга гана үйлөрүнөн чыга алат.

Бул зарылчылык үчүн көчөгө чыкканда бара турган дүкөндүн, дарыкананын, оорукананын маршруттук баракчасы, атайын анкета жана тек-жайыңызды тастыктаган документ колуңузда болууга тийиш. Маршруттук баракчаларды жана уруксат кагаздарды тиешелүү жеке документтердин негизинде комендант берерин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 24-марттагы кечки онлайн брифингде билдирген.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жугуп, ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адамга жетти. 25-мартта саат 9:00га карата жаңы учурлар катталган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG