Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык жогорулады. Улуттук банктын сайтында бир доллар 78 сом 88 тыйын болуп турат. 24-мартта 77 сом 60 тыйын болчу.

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 79-80 сомдон сатып алып, сатууда.

Кыргызстанда 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 20-мартта 85 сомго жеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.

20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG