Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Ысык-Көлдө ыктыярчылар дарыгерлер үчүн ооруканага 2 тонна сүт жеткиришти


Ысык-Көл облустук бириктирилген оорукананын жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлерин колдоо иретинде Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын эли 2 тонна сүт жеткирди.

Бириктирилген облустук оорукананын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин айтымында, азыр оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

«Азыр биздин оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө обсервацияда 15 киши жатат. Алардын абалы азыр туруктуу. Коронавируска тапшырган анализдери жакшы чыккан, бүгүн экинчи ирет тапшырылган тесттин жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деди Т.Маанаев.

Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору Мирбек Сагынбаевдин 23-мартта берген маалыматы боюнча облус аймагында жалпысынан 42 адам обсервацияда жатат. Алардын ичинен Тоӊ районунда 16, Жети-Ѳгүздө 7, Түптө 2, Ак-Сууда 3, Чолпон-Ата шаарында 1 жаран обсервацияга жаткырылган. 130 адам үй карантинге алынган. Обсервацияда жаткандардын 15инин анализи таза чыккан. Калгандары боюнча тесттин жыйынтыгы чыга элек. (KS)

XS
SM
MD
LG