Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Жалал-Абад шаардык сотунда айрым процесстер токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жала-Абад шаарына киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу шаардык соттогу эл көп катыша турган процесстер убактылуу токтотулду. Мындай маалыматты шаардык соттун төрагасы Алтынбек Калмамат уулу Жалал-Абаддагы басма сөз жыйынында билдирди. Канча жана кандай иштерге байланышкан сот отурумдары токтотулганы алдыдагы күндөрү кошумча маалымдала турган болду. Ал эми башка пландалган соттук териштирүүлөр өз убагында өтүп, шаардык сот штаттык режимде иштей берет. Төраганын айтымында, сот отурумдарына катышууга келгендерге эч кандай чектөө жок, болгону санитардык эрежелер сакталышы керек.

Өзгөчө абал шартында сот органдары кадимки тартипте иштей берерин, бул каралып жаткан ар бир иштин мөөнөтү белгиленгенине байланыштуу экенин Жогорку сот 24-мартта кабарлаган. Жогорку сот ошондой эле коронавирустан сактануу жана аны жайылтпоо максатында сот залдарына жараяндын катышуучулары гана киргизилерин белгилеген.

25-марттан баштап Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу, Баткен райондоруна өзгөчө абал киргизилди. (RsK)

XS
SM
MD
LG