Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу дагы 30 миң экспресс-тест сатып алмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттен дагы 30 миң даана сатып алмай болду. Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен бирге медицина каражаттарын, анын ичинде COVID-19 инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иш жүргүздү.

«Бүгүн, 25-мартта 112 500 долларга (ташып келүү баасын кошпогондо) кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт», деп билдирди штаб.

Буга чейин кыргыз өкмөтү өз акчасына 22 500 долларга ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алган. Анын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин аталган аймактарга өзгөчө абал киргизилди. Коомдук автоунаа жана таксилер толук токтоду. Адамдар түнкүсүн эшке чыкпашы керек, күндүз дүкөнгө, дарыканага, ооруканага гана жана уруксаты болсо жумушка бара алат. (RK)

XS
SM
MD
LG