Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жеке жактардын жана ишкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтоткону айтылды.

Ошону менен катар салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча бир катар долбоорлорду ишке киргизүү, электрондук эсеп-фактураларды жана мунайзатка товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуу, 1-июлга чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноо мөөнөтү жылдырылды.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG