Бишкек шаарында муниципалдык автобус-троллейбустардын, такси кызматтарынын иши толук токтоду. Алар күндүз да, түнкүсүн да жүрүүгө укугу жок. Эрежени бузгандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта баш калаанын комендантынын орун басары, вице-мэр Азизбек Алымкулов билдирди.
Алымкулов коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек экенин айтты.
Кафе-ресторандар тамак ташуу кызматын күндүз жүргүзүп, кечки 8де токтотушу зарыл болот.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.
25-мартта өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду.
Ош облусунда 20 учур, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир учур катталды. (RK)