Өкмөт улуттук тизмедеги маанилүү деп эсептелген дары-дармектерди, медициналык ар кандай каражаттарды мамлекеттик каттоосуз ташып кирүүгө убактылуу уруксат берди. Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт мындай чечим өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чара көрүү, калкты дары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында кабыл алынганын маалымдады.
Өкмөт бул токтомду «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө», «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө», «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамдарга ылайык чыгарды. (TSh)