Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Түркиядан келе турган журтташтардын тизмеси түзүлүп жатат


Орусияда аэропортто кармалып турган мекендештер.
Орусияда аэропортто кармалып турган мекендештер.

Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдиргендей, 24-мартта Анталия-Бишкек чартердик каттамына жетишпей калган кыргызстандыктар үчүн кийинки каттамга атайын тизме түзүлүп жатат.

24-мартта 197 кыргызстандык жаран Анталиядан Бишкекке учуп кеткен. Алардын колунда сатып алган билеттери болгон, бирок аба каттамдары жабык болгондуктан уча албай кармалып турушкан.

Ал эми Түркиядан кайткысы келгендер күн сайын көбөйүүдө. Ушу тапта Бириккен Араб Эмираттары менен Түндүк Кипрден тышкары Орусиядагы, Египеттеги да мекендештер Кыргызстанга келе албай жатышат.

Түркияда коронавирус жуккандардын саны 1872 адамга жетти. 25-мартта Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги 44 киши өлгөнүн маалымдады. Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Бийлик жергиликтүү калкты COVID-19га каршы үйдө отуруп, эл көп жыйналган жерлерге барбоого үндөп жатат.

Түркияда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алардын 6 миңге жакыны расмий эмгек визасы менен иштейт. Бирок Анкарадагы элчиликтe жана Стамбулдагы башкы консулдукта 1840 гана кыргызстандык расмий катталган. (ElB)

XS
SM
MD
LG