Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданыш үчүн онлайн ресурстар сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярданыш үчүн онлайн ресурстарды сунуш кылат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилдериндеги колдонмолор Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун сайтында жайгашкан. Анын дареги www.testing.kg . Бул сайтта видеосабактар бар. Билимди баалоо, окутуу усулдары борборунун «Фейсбуктагы» (https://www.facebook.com/testing.kg ) жана «Инстаграмдагы» (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official) баракчаларында тестке даярдануу боюнча толук маалыматтар бар.

Билим берүү жана илим министрлиги каникул узара турган болсо, 8-апрелден тартып орто мектептин окуучуларын аралыктан окутууга даярданып жатат. Окуучулар видеосабактар аркылуу онлайн билим алышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG