Бул тууралуу 26-мартта Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдын басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
«10 адамдын абалы орточо оор, алты адамдын абалы оор болуп реанимацияда жатат», - деди Акматова.
2020-жылдын 26-мартында саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккан жаӊы учур катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19 жуккан 44 учур аныкталган, алардын ичинен Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек шаарынан – үч учур, Чүй облусунда – бир учур катталган. (TSh)