Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы 25-мартка карата 35 млн. 293 миң 891 сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алыш үчүн ачылган болчу.
Кыргызстанда коронавирус жуккан болушу ыктымал деп жаткырылгандардын арасынан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Мындан тышкары, денеси ысып, коронавирустун белгилери байкалгандыктан ооруканага шектүү катары жаткырылган 122 адамдан 2-3 жолу лабораториялык анализ алынды. Анализи таза чыкса, өзүн жакшы сезсе, үй карантинине чыгарылат. Ал эми оору тастыкталгандардын саны 26-марттын саат 9уна карата 44 адам. Алардын алтоо реанимацияда жатат.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)