Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:41

Кыргызстанда доллардын расмий курсу дагы бир сомго көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын расмий курсу 26-мартка карата дагы бир сомго жогорулады. Учурда Улуттук банктын сайтында бир доллар 79 сом 74 тыйын болуп турат. 25-мартта 78 сом 88 тыйын болчу. Муну менен доллар улуттук валюта сомго карата акыркы суткада 1,9 пайыз жогорудады.

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 80 сомдон сатууда. Ал эми расмий курс боюнча сомго карата евро 86,37, орус рубли 1,02, казак теңгеси 0,17 тыйынды түзүүдө.

Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар акыркы бир айда көтөрүлдү. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жеткен.

Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдөгү жана өнөктөш мамлекеттердеги каржы рыногундагы олку-солкулукка байланыштырган.

Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан жети жолу 160 миллион 600 миң долларга интервенция жасады. (BkA)

XS
SM
MD
LG