Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:07

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчилигине Алмазбек Сабырбеков дайындалды


Алмазбек Сабырбеков.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков дайындалды. Мындай маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулган. Анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалган.

41 жаштагы Сабырбеков 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген.

Ал былтыр коомчулукта талкуу жараткан окуядан соң кызматтан алынган.

Анда Жумабековдун кол тамгасы коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган кат эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелерди сактабай, ката жазылганы көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер - анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган болчу. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG