Бишкекте коомдук коопсуздук туруктуу жана кырдаал көзөмөлдө. Бул тууралуу 26-мартта онлайн басма сз жыйынында шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, түндө коменданттык саат учурунда Бишкекте 195 адам кармалды. Алардын 163ү эркек, алтоо өспүрүм, 18и чет өлкөлүк жаран (Индиядан жана Пакистандан келип окуп жаткан студенттер). Баары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.
Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (RK)