Кыргызстанда өзгөчө абал режиминде чакан насыя уюмдары, акча алмаштыруучу жайлар, камсыздандыруу компаниялар жана ломбарддар иштебейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, мындай сунуштар Улуттук банкка жана Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматына берилген.
Асрандиев учурда төмөндөгү товарларды өндүрүүгө, ташууга, сатууга уруксат бар экенин билдирди.
Алар:
- Азык-түлүк, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган ж.б. абалда.
- Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар – беткаптар, халаттар ж.б.
- Күйүчү-майлоочу материалдар жана баллондор.
- Турак жай-коммуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү.
- Жеке менчик күзөт уюмдары.
- Айрым бажы уюмдары.
- Коммуникация чөйрөлөрү – ТВ, радио, уюлдук тармак, Интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө.
- Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү.
Вице-премьер калган тармактагы ишмердикке өзгөчө абал учурунда чектөө киргизилгенин кошумчалады.
Эркин Асрандиев учурда иштеп жаткан мамлекеттик жана менчик мекемелердин кызматкерлерин ташууну аталган органдар уюштурушу керек экенин кошумчалады.
Кыргызстанда 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал киргизилген. (BkA)