Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 15:49

Аба ырайы: 27-мартта айрым жерлерде кар жаайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскертти. Тоолуу райондордо, кан жолдордо кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

27-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында 27-мартта жаан-чачын жаабайт. Абанын табы борбордо түнкүсүн 1…3°, күндүз 12…14° градусту түзөт. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG