Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Быйыл бюджетке 28 млрд. сомго чейин киреше түшпөй калышы мүмкүн


Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл республикалык бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта басма сөз жыйынында билдирди. Ал арада өлкөнүн Экономика министрлиги менен Финансы министрлиги бюджеттин толбой калуу коркунучун санап жатат. Азырынча 28 миллиард сомго чейинки каражат бюджетке түшпөй калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкер чөйрөнү колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын жана анда салыктык жеңилдиктер боюнча чаралар камтыларын кошумчалады.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди. Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиядан улам өлкө экономикасы зыянга учурап жатканын кабарлаган.

26-мартта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фонду, Азия Өнүктүрүү банкы жана Евробиримдик сыяктуу эл аралык институттардан финансылык жардам сурады. (BkA)

XS
SM
MD
LG