Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

COVID-19: Баткенде үй-үйлөргө ун жеткирилүүдө


Баткенде өзгөчө кырдаал маалында шаардыктардын көчөгө чыгышын чектөө максатында үй-үйлөргө ун жеткирип берүү кызматы уюштурулду. Шаар мэри Мамыржан Рахимовдун чечимине ылайык аймактык комитеттер унга муктаж тургундардын тизмесин телефон аркылуу түзүп, анын негизинде ишкерлер унду Антимонополиялык көзөмөл агенттиги бекиткен баага ылайык ар бир үйгө дареги боюнча жеткирүүдө.

Кыргызстанда 21-марттан баштап жалпы өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Баткен шаары өзгөчө абал киргизилген аймакка кирбейт. 21-мартта Баткен районунан бир киши жаңы коронавирус жугузуп алганы кабарланган. Облус боюнча азыр 95 киши обсервацияда текшерилип жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG